25-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКапчыгайдагы дарыя. Архив
Капчыгайдагы дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
Жазылуу
25-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Таласта +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарында +24...+29 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +29...+31, Чолпон-Атада +24...+26 жана Ош шаарында +34...+36 градусту көрсөтөт.
Күндөн калкаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Июль ичинде аба ырайы кандай болот. Бир айлык божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0