Ростов-на-Дону шаарындагы ЧВК Вагнер аскерлери - Sputnik Кыргызстан

ЧВК "Вагнер" боюнча жагдайдагы маанилүү маалыматтар. Тексттик трансляция

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ЧВК "Вагнер" тууралуу маанилүү маалыматтар менен бөлүшүүдө.
Эске салсак, буга чейин ФСБ ЧВКнын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин билдирүүсүнөн кийин куралдуу козголоң жасоо фактысы боюнча иш козгогон.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
00:28 25.06.2023
Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Беларустун президенти россиялык кесиптешинин уруксаты менен баарлашкан. Натыйжада Россиянын аймагында кандуу кагылышка жол бербөөнү макулдашышты.
Евгений Пригожин Александр Лукашенконун “Вагнер” компаниясынын куралдуу адамдарынын Россиянын аймагындагы кыймылын токтотуу боюнча сунушун кабыл алган.
Кийинчерээк Пригожин “Биз колоннабызды артка кайрып, планга ылайык, талаа лагерлерин көздөй жөнөдүк” деп билдирди.
22:11 24.06.2023
Бул өтө жакшы ойлонулган жана пландалган операция, анын максаты – өлкөдөгү бийликти басып алуу
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдиргендей, бул жерде ойлонулган аскердик план болгону жөнүндө кеп кылууга болот.
Ал ошондой эле бийлик ири өзөктүк державада мамлекеттик төңкөрүш кандай кесепеттерге алып келерин түшүнүп турганын белгиледи. Бул нерсе дүйнөнү жок болуу чегине жеткириши мүмкүн.
“Акылдан айныган кылмышкерлер менен алардын сүйүүчүлөрү канчалык каалабасын биз окуялардын бул сценарий менен уланышына жол бербейбиз”, — деди Медведев.
Белгилей кетсек, Москванын мэри Собянин дүйшөмбү күндү иш күн эмес деп жарыялады. Мунун мамлекеттик органдарга, шаардык кызматтарга тиешеси жок.
19:56 24.06.2023
Эрдоган Путинге Түркия Россиядагы абалды жөнгө салууга салым кошууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу түрк президентинин канцеляриясы кабарлады.
19:05 24.06.2023
Путин аскердик абал режимин бузгандарды 30 суткага камоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду.
16:55 24.06.2023
Владимир Путин Шавкат Мирзиёев, Александр Лукашенко жана Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөштү.
“Президент аларга абал боюнча маалымат берди”, - деди Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков.
15:01 24.06.2023
Мамдуманын депутаттары президентти колдошууда жана күчтөрдү консолидациялоону сунушташууда. Бул тууралуу Вячеслав Володин билдирди.
“Вагнердин” жоокерлери өз эли менен мыйзам тарапта болушу керек. Ошондой эле мекендин коопсуздугун сактап, башкы командачынын буйруктарын аткарышы зарыл. Калганынын баары – чыккынчылык”, – деди Мамдуманын төрагасы.
13:51 24.06.2023
13:17 24.06.2023
РФ президенти Владимир Путиндин кайрылуусу
Обращение Путина к гражданам России на фоне ситуации с ЧВК Вагнер — прямой эфир - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
РФ президенти Владимир Путиндин кайрылуусу. Видео
13:06 24.06.2023
Россиядагы элчилик РФтеги кыргызстандыктарды Украина менен чектеш аймактарында кырдаал курчуп кеткендигине байланыштуу ал жактарга барбоого чакырат. Зарыл учурда кайрылуу үчүн телефондор: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.
12:59 24.06.2023
Москвада бардык массалык иш-чаралар токтотулганын шаар мэри Сергей Собянин билдирди.
Анын айтымында, шаардык кызматтар толук кандуу иштеп жатат, калаа ичинде кыймылга чектөөлөр жок.
Мэр шаарга контртеррордук операция режими киргизилгенин эске салды.
12:56 24.06.2023
Окуянын чоо-жайы
Буга чейин Башкы прокуратура Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Вагнер" жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин билдирүүлөрүнөн кийин аскердик төңкөрүшкө чакырык боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул кылмыш үчүн 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
ФСБ Пригожиндин билдирүүлөрү жана иш-аракеттери Россиянын аймагында куралдуу жарандык кагылышты баштоого чакырык болуп саналарын жана россиялык аскерлердин "далысына бычак урарын" белгилеген.
Мекеме Пригожиндин кылмыштуу буйруктарын аткарбоого жана аны кармоого чара көрүүгө чакырган. Ал арада Россиянын Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерлерине сокку урулганы тууралуу маалыматты четке какты.
Министрликтин маалыматында, социалдык тармактарда анын жетекчиси Евгений Пригожиндин атынан "Вагнер" тобунун арткы лагерине сокку урулду деп айтылып жаткан бардык билдирүүлөр жана видеотасмалар чындыкка дал келбейт. Бул маалыматтык провокация болуп саналат. Москва жана Москва облусунун аймагына болжолдонуп жаткан терактыга бөгөт коюу үчүн контртеррордук операция режими киргизилди.
12:46 24.06.2023
“Вагнер” тобунун жоокерлери Евгений Пригожиндин кылмыштуу авантюрасына алданып калышты. РФ Коргоо министрлиги андагы аскерлерге кайрылды.
▪️Бир нече отряддагы аскерлер аман-эсен кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жардам сурап жатат. Алар жаңылып калганын түшүнүштү
▪️Мындай жардам буга чейин кайрылган бардык жоокерлерге, командирлерге берилди
▪️Кыраакылык көрсөтүп, РФ Коргоо министрлигинин же укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен тез арада байланышка чыгууңуздарды суранабыз.
"Биз ар бир адамдын коопсуздугуна кепилдик беребиз"
12:44 24.06.2023
Москва шаары жана Москва облусунун аймагында болушу мүмкүн делген теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилди.
12:44 24.06.2023
Жакынкы сааттарда Россиянын президенти Владимир Путин кайрылуу жасайт. Бул тууралуу маалымат кытчысы Дмитрий Песков билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0