Үйлөнүп-жайлангым келет... Өмүр бою абакка кесилген адамдын маеги

Жазылуу
Өмүр бою кесилген киши ата-энесине керек маалда алардын кызматын кылбай абакта отурганына катуу өкүнөрүн айтты.
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы № 19 абакта өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар жазасын өтөп келишет.
Sputnik маалымат агенттигинин журналисттери аталган түрмөгө барып, соттолгондор менен маек куруп келишти.
Интервью берүүгө макул болуп, бирок аты-жөнүн айткысы келбеген жаран учурда 35 жашта. Ал 2007-жылы 19 жашында "Адам өлтүрүү" беренеси менен камалган.
Соттолгон кишинин айтымында, анын жашоосу ата-энеси ажырашып, чоң атасы каза болгондон кийин башаламан боло баштаган.
"Телевизордон ар кандай үй-бүлөлөрдү көрөсүң... Аларды көрүп эмнеге биз ушундай жашоо курбадык деп өкүнөсүң. Гүлжигит Сатыбековдун ырларынын мааниси жакшы. Сыймык Бейшекеевдики да жагат", — деди ал.
Ошондой эле ал жашоосунда орду толгус күйүтү бар экенин, ал ата-энесинин ыраазычылыгын алып, үй-бүлө курбай абакта отурганы экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0