РФтин Коргоо министрлиги: "Вагнер" жоокерлери жаңылып калганын түшүнүштү

© Sputnik / Виталий Белоусов Россиянын Коргоо министрлиги. Архив
 Россиянын Коргоо министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
Жазылуу
Буга чейин Москва жана Москва облусунун аймагына контртеррордук операция режими киргизилген.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Вагнер" тобунун жоокерлери Евгений Пригожиндин кылмыштуу авантюрасына алданып калганын түшүндү. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
РФ Коргоо министрлиги андагы аскерлерге кайрылган.
"Бир нече отряддагы аскерлер аман-эсен кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жардам сурап жатат. Алар жаңылып калганын түшүнүштү. Мындай жардам буга чейин кайрылган бардык жоокерлерге, командирлерге берилди. Биз ар бир адамдын коопсуздугуна кепилдик беребиз", — деген министрлик.
Мекеме жоокерлерди кыраакылык көрсөтүп, РФ Коргоо министрлигинин же укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен тез арада байланышка чыгууну суранган.
Буга чейин Москва жана Москва облусунун аймагында болжолдонуп жаткан терактыга бөгөт коюу үчүн контртеррордук операция режими киргизилген.
Окуянын чоо-жайы
Башкы прокуратура Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Вагнер" жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин билдирүүлөрүнөн кийин аскердик төңкөрүшкө чакырык боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул кылмыш үчүн 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
ФСБ Пригожиндин билдирүүлөрү жана иш-аракеттери Россиянын аймагында куралдуу жарандык кагылышты баштоого чакырык болуп саналарын жана россиялык аскерлердин "далысына бычак урарын" белгилеген. Мекеме Пригожиндин кылмыштуу буйруктарын аткарбоого жана аны кармоого чара көрүүгө чакырган.
Ал арада Россиянын Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерлерине сокку урулганы тууралуу маалыматты четке какты. Министрликтин маалыматында, социалдык тармактарда анын жетекчиси Евгений Пригожиндин атынан "Вагнер" тобунун арткы лагерине сокку урулду деп айтылып жаткан бардык билдирүүлөр жана видеотасмалар чындыкка дал келбейт. Бул маалыматтык провокация болуп саналат.
Россиянын Коргоо министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
РФ Коргоо министрлиги "Вагнер" тобуна сокку урулду деген маалыматты четке какты
Жаңылыктар түрмөгү
0