SputnikPro дарстарынан кийин кыргызстандык журналист нейротүйүндөр менен иштөөгө бет алды

© Sputnik / Владимир ТрефиловSputnikPro мастер-классынын катышуучулары
SputnikPro мастер-классынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik, Михаил Воробьев. Журналист, окутуучу Алмазбек Өмүрзаков SputnikPro мастер-класстарынын 19-23-июнь аралыгында өткөн экинчи бөлүгүнө катышты.
Иш-чара "Россия сегодня" медиа тобунун эл аралык мультимедиалык басма сөз борборунда өттү. Алмазбек Өмүрзаков Тажикстан, Казакстан, Молдова, Грузия жана Азербайжандан келген кесиптештери менен биргеликте тармактагы алдыңкы тажрыйбалар менен тааныша алышты.
© Sputnik / Владимир Трефилов

Журналист, окутуучу Алмазбек Өмүрзаков SputnikPro мастер-класстарынын 19-23-июнь аралыгында өткөн экинчи бөлүгүнө катышты

Журналист, окутуучу Алмазбек Өмүрзаков SputnikPro мастер-класстарынын 19-23-июнь аралыгында өткөн экинчи бөлүгүнө катышты - Sputnik Кыргызстан
1/6

Журналист, окутуучу Алмазбек Өмүрзаков SputnikPro мастер-класстарынын 19-23-июнь аралыгында өткөн экинчи бөлүгүнө катышты

© Sputnik / Владимир Трефилов

Иш-чара "Россия сегодня" медиа тобунун эл аралык мультимедиалык басма сөз борборунда өттү

Иш-чара "Россия сегодня" медиа тобунун эл аралык мультимедиалык басма сөз борборунда өттү - Sputnik Кыргызстан
2/6

Иш-чара "Россия сегодня" медиа тобунун эл аралык мультимедиалык басма сөз борборунда өттү

© Sputnik / Владимир Трефилов

Алмазбек Өмүрзаков Тажикстан, Казакстан, Молдова, Грузия жана Азербайжандан келген кесиптештери менен биргеликте тармактагы алдыңкы тажрыйбалар менен тааныша алышты

Алмазбек Өмүрзаков Тажикстан, Казакстан, Молдова, Грузия жана Азербайжандан келген кесиптештери менен биргеликте тармактагы алдыңкы тажрыйбалар менен тааныша алышты - Sputnik Кыргызстан
3/6

Алмазбек Өмүрзаков Тажикстан, Казакстан, Молдова, Грузия жана Азербайжандан келген кесиптештери менен биргеликте тармактагы алдыңкы тажрыйбалар менен тааныша алышты

© Sputnik / Владимир Трефилов

Катышуучулар Зубовский бульварындагы медиатоптун имаратын кыдырып чыгып, агенттиктин көп улуттуу жамааты заманбап жогорку технологиялык кеңселерде иштегенин көрүштү

Катышуучулар Зубовский бульварындагы медиатоптун имаратын кыдырып чыгып, агенттиктин көп улуттуу жамааты заманбап жогорку технологиялык кеңселерде иштегенин көрүштү - Sputnik Кыргызстан
4/6

Катышуучулар Зубовский бульварындагы медиатоптун имаратын кыдырып чыгып, агенттиктин көп улуттуу жамааты заманбап жогорку технологиялык кеңселерде иштегенин көрүштү

© Sputnik / Владимир Трефилов

Беш күн ичинде ар өлкөдөн чогулган кесиптештер телеграм-каналдарды ачып, элге таанытуу, социалдык медиадагы баракчаларды иштетүү, журналистикада технология жана виртуалдык реалдуулукту колдонуу, учкучсуз аппараттардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алып, фото тартуу жөндөмдөрүн өрчүтүштү

Беш күн ичинде ар өлкөдөн чогулган кесиптештер телеграм-каналдарды ачып, элге таанытуу, социалдык медиадагы баракчаларды иштетүү, журналистикада технология жана виртуалдык реалдуулукту колдонуу, учкучсуз аппараттардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алып, фото тартуу жөндөмдөрүн өрчүтүштү - Sputnik Кыргызстан
5/6

Беш күн ичинде ар өлкөдөн чогулган кесиптештер телеграм-каналдарды ачып, элге таанытуу, социалдык медиадагы баракчаларды иштетүү, журналистикада технология жана виртуалдык реалдуулукту колдонуу, учкучсуз аппараттардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алып, фото тартуу жөндөмдөрүн өрчүтүштү

© Sputnik / Владимир Трефилов

Ошондой эле RT телеканалынын студиясын көрүп, алдыңкы катардагы аскердик кабарчылардын иш принциптери менен таанышты.

Ошондой эле RT телеканалынын студиясын көрүп, алдыңкы катардагы аскердик кабарчылардын иш принциптери менен таанышты. - Sputnik Кыргызстан
6/6

Ошондой эле RT телеканалынын студиясын көрүп, алдыңкы катардагы аскердик кабарчылардын иш принциптери менен таанышты.

1/6

Журналист, окутуучу Алмазбек Өмүрзаков SputnikPro мастер-класстарынын 19-23-июнь аралыгында өткөн экинчи бөлүгүнө катышты

2/6

Иш-чара "Россия сегодня" медиа тобунун эл аралык мультимедиалык басма сөз борборунда өттү

3/6

Алмазбек Өмүрзаков Тажикстан, Казакстан, Молдова, Грузия жана Азербайжандан келген кесиптештери менен биргеликте тармактагы алдыңкы тажрыйбалар менен тааныша алышты

4/6

Катышуучулар Зубовский бульварындагы медиатоптун имаратын кыдырып чыгып, агенттиктин көп улуттуу жамааты заманбап жогорку технологиялык кеңселерде иштегенин көрүштү

5/6

Беш күн ичинде ар өлкөдөн чогулган кесиптештер телеграм-каналдарды ачып, элге таанытуу, социалдык медиадагы баракчаларды иштетүү, журналистикада технология жана виртуалдык реалдуулукту колдонуу, учкучсуз аппараттардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алып, фото тартуу жөндөмдөрүн өрчүтүштү

6/6

Ошондой эле RT телеканалынын студиясын көрүп, алдыңкы катардагы аскердик кабарчылардын иш принциптери менен таанышты.

Катышуучулар Зубовский бульварындагы медиатоптун имаратын кыдырып чыгып, агенттиктин көп улуттуу жамааты заманбап жогорку технологиялык кеңселерде иштегенин көрүштү.
Беш күн ичинде ар өлкөдөн чогулган кесиптештер телеграм-каналдарды ачып, элге таанытуу, социалдык медиадагы баракчаларды иштетүү, журналистикада технология жана виртуалдык реалдуулукту колдонуу, учкучсуз аппараттардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алып, фото тартуу жөндөмдөрүн өрчүтүштү.
Ошондой эле RT телеканалынын студиясын көрүп, алдыңкы катардагы аскердик кабарчылардын иш принциптери менен таанышты. Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко аналитикалык материал кандай жазыларын түшүндүрүп, керектүү маалыматтарды алуучу атайын адистештирилген булактардын тизмегин да берди.
© Sputnik / Владимир ТрефиловSputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко
Мастер-класс SputnikPro на Зубовском - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко
Бул багытта жазган журналисттерге иштин жүрүшүнө көзөмөлдөөчү же атайын кызматтардын суроолору жаралышы ыктымал. "Ошол себептен маанилүү аудиомаектердин жазуусун, баштапкы булактарга шилтемелерди архивде түбөлүккө сактап коюу абзел", – деп белгиледи баяндамачы.
Окууга катышуучулар журналистикада нейротүйүндөрдү пайдалануу жөнүндөгү дарсына катуу таасирленишти. Жакынкы чет өлкө жана Балтика өлкөлөрүндөгү Sputnik мультимедиалык борборлор башкармалыгынын жетекчиси Маргарита Некрасова жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.
Бир нече секунд ичинде ал окурмандардын көңүлүн дароо бура турган темаларды коюп, тексттерди кынаптап жазып, социалдык медиа үчүн жөнөкөй постторду түзүп койду. Дарс угуучулар программанын заматта жана кыйла сапаттуу материалдарды түзүп чыкканына айран таң калышты.
Жасалма интеллект технологиялары өзгөчө сүрөттөрдү чыгарууга да мүмкүнчүлүк берет. Маргарита Некрасова аларды социалдык медиада жарыяланган посттордо кантип пайдаланууга болорун да көрсөтүп берди. Маселен, суучул костюмун кийген АКШ президенти Жо Байдендин суу түбүндөгү тамаша сүрөтү “Түндүк агым” газ түтүгүндөгү диверсияга АКШ бийлигинин катыштыгы боюнча постту шөкөттөөгө жарайт. Жасалма интеллект муну да бир нече мүнөттө жасап койду.
Ошол эле учурда Маргарита Некрасова жасалма интеллект кээде колдонуучунун өтүнүчүн натуура түшүнүп, тамашаны олуттуу кептен айырмалай албай турганын айтты. Бразилиялык-япониялык согуш жөнүндө программа ойлоп чыгарган окуяны мисал келтирүү менен технология чындыктан айырмаланбаган толгон-токой жалган маалыматтардын булагына да айланып кетиши мүмкүндүгүн белгиледи.
© Sputnik / Нина ЗотинаМастер-класс "SputnikPro на Зубовском"
Мастер-класс SputnikPro на Зубовском - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
Сөзүнүн аягында Маргарита айым жакын арада журналисттик кесиптин күнү бүтөрү туурасындагы кептердин суу кечпестигин белгиледи. Анын айтымында, өз окурмандарынын алдында жооптуу маалымат каражаттары дасыккан журналист тарабынан текшерилбеген жаңылыктардын жарыяланышына жол бербейт. Себеби алар чындыкка коошпогон же бурмаланган маалымат болуп чыгышы мүмкүн.
"Нейротүйүндөр боюнча кабардар эмес элем. Кыргызстанга кайтканымда аларды колдоно баштайм. Мурда тексттерди жазууга көп убакыт коротор элем. Ал эми бул сабактарда нейротүйүн жашоону алда канча жеңилдетерине күбө болдук", – деген таасирлеринен бөлүштү Алмазбек Өмүрзаков.
SputnikPro мастер-класстары россиялык агенттиктин кызматкерлеринен көптү үйрөнүү менен бирге, ар кайсы мамлекеттен келген кесиптештердин өз ара тажрыйба алмашып, Москваны да кыдырууга себепчи болду. Анткени арасында айрымдары РФтин баш калаасына алгач ирет барган.
TikTok жана мобилография. Маалымат катчыларга өтүлгөн мастер-класстан ирмемдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Пресс-борбор
TikTok жана мобилография. Маалымат катчыларга өтүлгөн мастер-класстан ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0