26-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Илья НаймушинЖаандан кийин шалбаадагы каакым
Жаандан кийин шалбаадагы каакым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Жазылуу
26-июнда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө айрым жерлерде, тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20...+25 жана Нарын жергесинде +22...+27 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ош калаасында +32...+34, Чолпон-Ата шаарында +20...+22 градуска жетет.
Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Кыргызстанда 1-июлга чейин аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0