Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында: Россия Казакстандын стратегиялык өнөктөшү

© Фото / пресс-служба президента Казахстана / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Жазылуу
Президенттин маалымат кызматы Казакстан Россиядагы кырдаалды тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирген.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда өлкөнүн премьер-министри, башкы прокурор, Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы, тиешелүү министрлердин Россиядагы кырдаалга байланыштуу берилген тапшырмаларды аткаруу чаралары жөнүндөгү отчётторун укканын Sputnik Казакстан жазды.
"Россиядагы окуялар алардын ички иши экендигине карабай Казакстан эң узун чек аралык байланышта турган, достук мамиледеги мамлекеттеги кырдаалды тынчсыздануу менен кабыл алды", – деп айтылат маалыматта.
Токаев Россия Казакстандын стратегиялык өнөктөшү экендигин белгилеп, Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Россия бийлигинин мыйзамдык иреттүүлүктү киргизүү жана жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чечимдерин колдой турганын билдиргенин эске салды.
"Касым-Жомарт Токаев согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндөгү келишимди кубаттады", — дешкен казак президентинин администрациясынан.
Токаев бардык түзүмдөрдүн жетекчилерине кризистик кырдаалдан кооптуу абал жаралып кетүү ыктымалдуулугуна даяр турууну тапшырган.
Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгында Казакстан президенти өкмөт тарабынан иштелип чыккан Ыкчам аракеттер планын жактырды.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Кыяпат айтып, кыбааны кандырбайлы! Сүйүнбек Касмамбетов кайрылуу жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0