Жакындары чалганда ыйлайт. Өмүр бою кесилгендерди кайтаргандардын маеги

Жазылуу
Абактагылар көбүнчө психологиялык ооруларга туш болуп, бир чекитти тиктеп, матрацтары менен сүйлөшүп калган учурлар кездешет.
Sputnik маалымат агенттигинин журналисттери Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар жазасын өтөгөн № 19 абакка барып, ал жердеги жашоо-турмуш менен таанышып кайтышты.
Көп жылдардан бери камактагыларды кайтарып иштеген Афтандил Курманбек уулу жумушу моралдык жактан кыйла эле оор экенин айтат.
"Бул жерде телефон колдонуу мыйзамга каршы экенин билесиз. Телефон менен сүйлөшүүгө отряддын башчылары чыгарабыз. Кээ бирөө апасына чалып ыйлайт. Аялы, үйүндөгүлөрү, бала-бакырасы менен сүйлөшүп жатып ыйлагандарды көрүп каласың", — деди ал.
Ал эми Нурбек Алжаңбаев абакта иштеп жатканына быйыл сегиз жылдын жүзү болгонун, бул жылдар аралыгында көптөгөн тагдыр, окуяларды көрүп, адам баласы ачууга алдырбашы керектигин, анын арты жаман бүтөрүн түшүнгөнүн билдирди.
Тема боюнча:
Үйлөнүп-жайлангым келет... Өмүр бою абакка кесилген адамдын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0