Шевченко Грассо менен реванш беттешке качан чыгары белгилүү болду

© AP Photo / David BeckerUFC уюмунун эң жеңил салмактагы экс-чемпиону Валентина Шевченко менен Алекса Грассо. Архив
UFC уюмунун эң жеңил салмактагы экс-чемпиону Валентина Шевченко менен Алекса Грассо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер март айында өткөн турнирде чемпиондук курун алдырып жиберген.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы экс-чемпиону Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен күзүндө АКШда беттешет. Бул тууралуу Sports.ru жазды.
Алдын ала маалымат боюнча, спортчу кыздар 17-сентябрга караган түнү Лас-Вегаста кез келет. Бул Fight Night турниринин башкы беттеши болуп калары болжолдонууда.
Эскерте кетсек, мушкерлер ушул жылдын мартында күч сынашып, натыйжада Шевченко муунтуу ыкмасынан улам жеңилип калган. Бул кыргызстандык мушкер кыздын 2017-жылдан берки биринчи утулушу болду.
Кыргызстандык мушкер Немат Абдрашитов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
Кыргызстандык Немат Абдрашитов BRAVE CF уюмунун чемпиону болду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0