Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын алууга ат салышыңыз. Шарттары

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАлп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт
Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Жазылуу
Сыйлыктар 11 номинация боюнча ыйгарылмакчы. Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбошу керек.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга конкурс жарыялайт. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.
Документтер 2023-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат.
Сыйлыктар төмөнкү 11 номинациянын ар бири боюнча ыйгарылат:
"Адабият жаатындагы мыкты чыгарма";
"Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма";
"Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик";
"Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)";
"Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор";
"Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы";
"Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)";
"Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш";
"Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик";
"Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик";
"Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн".
Талап кылынуучу документтер:
сунуштоочу кат;
чыгармачыл союздун башкармасынын чогулушунун протоколу;
кыскача өмүр баян (4x6 см. 2 фотосүрөт);
чыгармачылык мүнөздөмө;
сыйлыктары жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотациясы;
паспорттун көчүрмөсү.
Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбоосу керек.
Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттарга диплом, төш белги жана 100 миң (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат.
Документтер 2023-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат,
Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатты министрлиги, 1-кабат, Жаштар саясаты башкармалыгы, байланыш телефондору: 0(312) 66-09-52, 62-11-94.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Радио
Министрлик Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык үчүн ат салышууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0