Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканага кайрылгандар көбөйдү

© Sputnik / Виталий АньковМедайым баланы кызылчага жана башка инфекцияларга каршы эмдейт. Архив
Медайым баланы кызылчага жана башка инфекцияларга каршы эмдейт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Жазылуу
Дарыгер күч алган ооруларды тизмектеп берди.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканага кайрылгандар көбөйдү. Маалыматты Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Азый Шайымбетов тастыктады.
Анын айтымында, адатта күнүнө 170ке чукул бейтап кайрылса, учурда бул көрсөткүч 320га жетүүдө.
Дарыгер күч алган ооруларды тизмектеп берди:
кызылча;
суу чечек (ветрянка);
энтеровирустук инфекциялар;
курч ичеги инфекциялары;
көк жөтөл.
УЗИ процедурасындагы кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Министрлик кош бойлуулуктагы коркунучтуу учурларды тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0