Ара төрөлгөн балдардын көз оорусу — олуттуу илдет. Офтальмологдун маеги

© Sputnik / Антон ДенисовОфтальмологдун кабинетинде жаңы төрөлгөн баласы менен аял. Архив
Офтальмологдун кабинетинде жаңы төрөлгөн баласы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Жазылуу
Ара төрөлгөн ымыркайлардын көрүүсү өрчүбөй калгандыктан ретинопатия илдетине чалдыккан учурлары болот. Балдардын ретинопатиясы көз оорулардын эң катаалы болуп саналат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Эне жана баланы коргоо борборунун көз микрохирургиясы бөлүмүнүн дарыгер-офтальмологу Динара Сүйөркул кызы болду.
— Көз ооруларынын да түрлөрү бар эмеспи. Кыргызстандык кичинекей бейтаптар көбүнчө кандай маселелер менен кайрылып жатышат?
— Балдар менен чоңдордун көз оорулары айырмаланбайт, бирок бизде балдардын көрүүсү, нервдин тубаса атрофиясы, ретинопатия (ара төрөлгөн балдардын көз оорусу), гиперметропия оорулары көп кездешет. Ошондой эле микрохирургияга ар кандай травмалар, катаракта, глаукома менен жабыркагандар келет. Ал эми сезонго байланыштуу аллергиялык конъюнктивиттер да арбын.
— Мындай оорулардын пайда болушуна эмне себеп болуп жатат?
— Энеси боюнда бар кезинде кандайдыр бир вирустук оорулар менен ооруса, неврологиялык, стресстик ар түрдүү кырдаалдарга тушукса жана ичимдик ичип, чылым чексе тубаса оорулар келип чыгат. Компьютердин заманында гаджеттерден көрүүсү начарлаган балдар көп. Амблиопияда эки көздүн бири тунарат. Мында көздүн түзүлүшү баары ордунда болгону менен бала алыс-жакынды жакшы көрбөй калат. Муну дароо эле дарылап салууга болбойт. Көп убакытта барып жыйынтык чыгат. Ал эми катаракта менен глаукома жарааттан кийин же системалуу оорулардын кесепетинен пайда болот.
© Sputnik / Асель СыдыковаСүйөркул кызы: энеси боюнда бар кезинде кандайдыр бир вирустук оорулар менен ооруса, неврологиялык, стресстик ар түрдүү кырдаалдарга тушукса жана ичимдик ичип, чылым чексе тубаса оорулар келип чыгат
Врач-офтальмолог Динара Суоркул кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Сүйөркул кызы: энеси боюнда бар кезинде кандайдыр бир вирустук оорулар менен ооруса, неврологиялык, стресстик ар түрдүү кырдаалдарга тушукса жана ичимдик ичип, чылым чексе тубаса оорулар келип чыгат
— Ара төрөлгөн балдардын ретинопатияга чалдыгышы тууралуу айтып берсеңиз?
— Кыргызстанда азыр бул жаатта медициналык абал бир аз жакшыргандыктан ара төрөлгөн балдардын көзүнүн чел кабыгын текшерип баштадык. Айына жетпей төрөлгөн ымыркайлардын көрүүсү жакшы өрчүбөй төрөлгөндүктөн көзүнүн чел кабыгы өспөй калып, ретинопатия оорусуна чалдыгышууда. Көздүн көрө турган өзгөчөлүгү төрт бөлүктөн турат. Мында көздүн торчосу өрчүбөй калат. Мунун беш стадиясы бар. Алгач 1-2-стадиясында байкап турабыз, кокус 3-стадиясына өтүп кетсе, кан тамырлар өсүп кетет. Эгер ички кабыкта залалдуу тамырлар өсүп кетсе, адам көрбөй калышы мүмкүн. Ошол себептен 3-стадиясында дарылоо башталат.
Ретинопатия — азыркы заманда кездеше баштаган динамикалуу илдет. Ар түркүн формасы бар. Ара төрөлгөн ымыркайлардын ретинопатиясы — көз оорулардын эң оор түрү. Муну дарылоо өтө кыйын. Айыкпай калышы да мүмкүн. Баланын өмүр бою көрбөй калуу коркунучу бар. Азыр лазердик жол менен дарылоо ыкмасы так. Бул үчүн атайын жабдык келген, бирок дарылоону баштай элекпиз. Ага адистерди даярдоо керек. Азырынча балдарды Алматыга жана Санкт-Петербургга жөнөтүп жатабыз. Кыргызстанда дартты аныктап, жөн гана скрининг жасап жатабыз.
— Ретинопатия илдети айына жетпей төрөлгөн балдардын баарында эле кездешпесе керек?
— Бул ымыркайдын абалына жараша бөлүнөт. Мисалы, көбүнчө 34 жумага чейин төрөлгөндөрдү камкордукка алабыз. 35 жумадан ары ретинопатияга кабылуу коркунучу азаят. Ал эми салмагы 500 граммдан 1 500 граммга чейинки ымыркайлар дыкат каралат. Аларга неанотолог, педиатр жана офтальмологдор көз салып турушат. Айыл жергесинде, аймактарда маалымат аз болгондуктан бул ооруну байкабай өткөрүп жиберишет. Ошол себептен наристенин көзү 4-5-стадияга өтүп, толук көрбөй калганда гана кайрылгандар болот. Ретинопатия дүйнөлүк чоң көйгөйгө айланып калды. Аны аныктай турган дарыгердин билим деңгээли да жогору болушу керек. Ар түркүн формасы бар. Дүйнөлүк ыкма менен алып караганда, ретинопатияны дарылоо үчүн эң жакшы медициналык "Редкам" жабдуусу эсептелет. Анын жардамы менен аппаратта жаткан ымыркайды да текшерүүгө болот. Мындай жабдык бизде жок.
— Бул жаатта жаш ата-энелерге кандай сунушуңуз бар?
— Эне болордо ден соолугун карап, жакшылап даярдануу керек. Туура тамактануу зарыл. Терс адаттардан алыс болгону жакшы. Кош бойлуу кезде да гинекологуна барып, дайым көзөмөлдө турушу керек. Төрөгөндөн кийин да дарыгердин көзөмөлүндө болгон оң.
© Sputnik / Асель СыдыковаСүйөркул кызы: ретинопатия — азыркы заманда кездеше баштаган динамикалуу илдет. Ар түркүн формасы бар
Врач-офтальмолог Динара Суоркул кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Сүйөркул кызы: ретинопатия — азыркы заманда кездеше баштаган динамикалуу илдет. Ар түркүн формасы бар
— Гаджеттин заманында көрүүсү начарлаган балдар да көп болуп жатса керек?
— Телефон баланын аң-сезимине, дүйнө таанымынын кеңейишине да терс таасирин берет. Телефондо, компьютерде көп отурган бала активдүү болбойт жана мээсинин өрчүүсү жайлайт. Себеби адам маалыматты көз аркылуу алат. Ошондуктан телефондо кечке отурган баланын көрүүсү гана эмес, адамдар менен болгон мамилеси, сүйлөшүүсү да начарлайт. Коммуникация, коомго аралашуу жок болгондуктан сүйлөө жагынан да артта калып жатышат. Ошондон улам логопедге барган балдар абдан көп. Ата-энелер да кыйналышат. Булар 10-12 жашка чейин көз айнек тагынып жүрүшү керек. Себеби көзү да жабыркайт. Айрымдар күчөп кетсе өмүр бою көз айнек тагынып же амблиопияга чалдыгып калат. Амблиопия — бул көз нервинин жабыркашынан улам келип чыккан оору. Көз айнек тагынса да көрүүсү оңолбойт. Өспүрүмдөр арасында гаджетке көз каранды болуп калгандар көбөйүүдө. Студенттер да алты айда бир офтальмологго көрүнүп турушу зарыл.
— Балдар арасында көздүн агы кызарып калган учурлар кездешет…
— Травма алгандан тышкары көздүн конъюнктивит оорулары бар. Алар: вирустук, бактериялык жана аллергиялык болуп бөлүнөт. Каректин чел кабагында сезгенүү болсо да көз кызарат. Мындан тышкары, чөп бүрдөп, каакымдын бүрлөрү учуп баштаганда аллергия башталат. Ошол кезде да көз кычышып, кызарып баштайт. Бирок дароо дарылабаса аллергия мурунга, тамакка чейин өрчүйт. Көздүн оорулары да сүлгү, косметика жана кол алышып учурашуу аркылуу жугат.
— Кооздук үчүн ар кандай линзаларды тагынуу да көзгө зыян алып келеби?
— Албетте, линза аркылуу да вирус жугуп калышы мүмкүн. Айрымдар көз айнек тагынгандан уялып же мода үчүн линза тагынышат. Көз — бул абдан сезимтал орган. Линзаны тагарда колду таза жууп, пинцет менен кармап өз убагында тагып чечип турса көп оорубайт. Кээ бирлер линза менен уктап калышат. Бул туура эмес.
Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын прокурору Назарбек Кенжеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Чет өлкөдө соттолгон 38 кыргызстандык кайтарылат. Прокурор экстрадиция тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0