Доллар арзандады. Бишкектеги 27-июнга карата маалымат

© AFP / YASIN AKGULДоллар акчасы. Архивдик сүрөт
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан күйүүчү май, валюта курсуна баам салып, кескин өзгөрүү болсо жарыялап турат.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда доллар менен евронун наркы түшүп, май куюучу бир катар бекеттерде баа көтөрүлдү, алтын куймалар арзандады.
Дүйшөмбүдөгү эртең мененки маалга салыштырмалуу бүгүн доллардын сатып алган баасы — 9, ал эми саткан наркы 19га тыйынга ылдыйлаган. Долларды банктан сатып алганда 87-87,4 сом, сатканда 87,75-88,2 сом арасында болуп жатат.
Евро эки тыйынга арзандады. Рубль менен теңгеде өзгөрүү жок.
"Роснефть" тармактарында бензиндин Аи-92 жана Аи-95 түрлөрү 45 тыйынга "секирди", дизель майдын баасы мурдагы калыбында турат. Алтын куймаларда өзгөрүү бар, мисалы, 100 граммдыктары 2000 сомго арзандады. 10 граммдыктарынын баасы мурдагысындай эле турат.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Улуттук банктын алтын кору 2,4 миллиард сомго төмөндөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0