Аралашпайм. Нарында 47 жаштагы киши кылмыштуу топтон баш тарткан видео

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРНарында 47 жаштагы киши кылмыштуу топтон баш тарткан
Нарында 47 жаштагы киши кылмыштуу топтон баш тарткан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун Нарын облусундагы мүчөсү, 47 жаштагы киши мындан ары аралашып жүргөн топтон баш тартты. Бул туурасында атайын кызматтан кабарлашты.
Маалыматта анын кылмыштуу топтун жергиликтүү Б.А. аттуу мүчөсү менен мындан ары аралашпоо чечими кабыл алганы билдирилген.
"Буга чейин Ак-Талаа эли Камчы Көлбаевдин, Баха Точканын кылмыштуу тобунун мүчөсү деп таанып келишкен. Мындан ары бул кылмыштуу топтон баш тартам, такыр аралашпайм. Дыйканчылык менен алектенип, өзүмдүн иштеримди кылам", — деген ал.
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Ошто эки адам экстремисттик жана террордук уюмдардан баш тартты
Жаңылыктар түрмөгү
0