БАЭдеги асман тиреген үйдөн өрт чыкты. Кырсыктын видеосу

© AFP / STRБириккен Араб Эмирлигинин Ажман эмират-шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт. Архивдик сүрөт
Бириккен Араб Эмирлигинин Ажман эмират-шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
Жалын каптаган турак жай комплекси 36 кабаттуу он эки имараттан турат.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин өрт өчүрүүчүлөрү Ажман эмират-шаарындагы асман тиреген көп кабаттуу үйдүн бардык кабатын каптаган өрттү өчүрүштү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Кырсыктын видеосун агенттик Telegrem-каналга жарыялады. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен түнү бою күрөшкөн.
Жалын Ajman One Tower турак жай комплексин каптаган. Ал 36 кабаттуу 12 имараттан турат жана ар биринде үч миңге чукул аппартаменттер жайгашкан. Видеодон көп кабаттуу бийик үйдүн бир капталы толугу менен күйүп бүткөнүн көрүүгө болот. Кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалыматтар айтыла элек.
Агенттик түнкүсүн да ошол аймакта абанын температурасы +35 градустан түшпөй жатканын жазды.
Дубайда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып 16 адам каза болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Дубайда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып 16 адам каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0