Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усупбаев: кен казган компаниялар рекультивацияга маани бербей жатат

© Sputnik / Асылбек БактыбековУлуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору, өсүмдүк боюнча адис Адилет Усупбаев
Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору, өсүмдүк боюнча адис Адилет Усупбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору, өсүмдүк боюнча адис Адилет Усупбаев кен казууда жергиликтүү флора жана фаунага зыян келип жатканын айтты.
Кен казганда томкорулган жерлерди рекультивациялап, кайра калыбына келтирүү милдети да ошол кен казуучу компанияга жүктөлгөн. Бирок аны эч бир компания толук аткарбай жатат. Бул тууралуу Адилет Усупбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Усупбаев: кен казган компаниялар рекультивацияга маани бербей жатат
Анын айтымында, экологияны сактоо, аны коргоо жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, жоопкерчиликти күчөтүү зарыл.
"Кыргызстан — жаратылышы суктандырган керемет өлкө, кен байлыктары кенен мамлекет. Бирок аларды туура колдонууну үйрөнбөсөк жыйынтыгы начар болору белгилүү. Тилекке каршы, ошол табиятыбызды көздүн карегиндей сактай албай жатабыз. Мисалы, кен казган компаниялар дүйнөдө жок эндемик өсүмдүктөрдү, жаныбарларды жок кылууда. Албетте, кен казуудан киреше түшүп, казынабыз толуп жатат. Бирок баары ойдогудай эмес. Кен казганда томкорулган жерлерди рекультивациялап, кайра калыбына келтирүү милдети да ошол кен казуучу компаниянын мойнунда. Бирок аны эч бир компания толук аткарбай жатат", — деди Усупбаев.
Ошондой эле адис кен казылган жерди кайра калыбына келтирүү максатында чет өлкөдөн алып келинген өсүмдүктөр биздин шартка көнбөй турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0