Майлы-Суу чакан ГЭСин куруу пландалууда. Долбоордун баасы 35 млн. долларды чапчыйт

© Sputnik / Алмазбек ОмурзаковГЭСин куруу иштери. Архив
ГЭСин куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
Курулуш иштерин 2-2,5 жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу чакан ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо маселесин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана каржы институттары менен жолугушуусунда талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

“Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын Финансы министрлигинин алдындагы Финансы-кредиттик фонду, “Майлы-Суу лампа заводу” ААКсы, Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ортосунда биргелешип каржылоо каралууда”, — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун болжолдуу баасы 35 миллион доллардан ашуун экени, курулуш иштерин 2-2,5 жылдын ичинде бүтүрүү пландалып жатканы айтылды. Чакан ГЭС ишке кирсе кубаттуулугу 26 мегаватты түзөт жана жылына орточо 108 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат.
Нарын дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Суунун ордуна газ, көмүр, дан алган система кайра кириши керек. Окумуштуунун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0