Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путин Куралдуу күчтөрдүн жетекчилигинин өзөгүн кимдер түзүшү керектигин айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАскер кызматкерлери Россиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусунун алдында
Аскер кызматкерлери Россиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусунун алдында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
Өлкө лидери жоокерлерге куралдуу козголоңдун мизин кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилигинин өзөгүн кимдер түзүшү керектигин президент Владимир Путин Коргоо министрлигинин жоокерлери менен болгон жолугушуусунда айтып берди.
Мамлекет башчысы куралдуу көтөрүлүштүн мизин кайтарганы үчүн аскерлерге ыраазычылык билдирип, атайын операция учурунда душмандын техникасын жок кылуу иштерин белгиледи. Ал контрчабуул башталгандан бери душман 259 танкын жана 780 сооттолгон техникасын жоготкондугун кошумчалады.

“Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн, анын ичинде авиациялык бөлүгүнүн жетекчилигинин өзөгү жакынкы келечекте тирешүүдө өзүн татыктуу көрсөткөндөрдөн түзүлүшү керек”, — деди Путин.

Ошондой эле россиялык лидер бул жолугушууда "Вагнердин" бардык тобу мамлекет тарабынан каржыланып келгенин айтты.
Россия аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина колдонгон америкалык сооттолгон техника олжолонду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0