ТИМ: Самарадагы кырсыктан каза болгон алты кишинин экөө кыргызстандык

© Фото / ГИБДД Самарской областиРоссиянын Самара облусундагы федералдык трассадагы автокырсык
Россиянын Самара облусундагы федералдык трассадагы автокырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
20-35 жаштын ортосундагы алты киши жаракат алган. Полиция кырсыктын эмнеден болгонун тактап жатат.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россиянын Самара облусундагы федералдык трассадагы автокырсыктан каза тапкандардын экөө — Кыргызстандын жарандары. Бул туурасында ТИМден кабарлашты.
Көз жумгандар 31 жаштагы эркек, 44 жаштагы аял болгон. ТИМ алардан сырткары төрт өзбекстандык каза тапканын кошумчалады.
Булардын сырткары, 20-35 жаштын ортосундагы жети киши жаракат алган. Полиция кырсыктын эмнеден болгонун тактап жатат. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кырсыктагандарга укуктук жактан жардам көрсөтүп, көз жумгандардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча иштеп жатканы айтылды.
Эске салсак, түндө болжол менен саат 1:30дарда Россиянын Самара облусундагы федералдык трассасында — А-300 жолунун 109-чакырымында Honda Stepwgn менен Hyundai Elantra кагышып, адам өмүрү кыйылганы кабарланган.
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Бишкек — Ош жолундагы таңкы кырсык 6 адамдын өмүрүн алып кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0