Самарадагы кишилер каза тапкан кырсык: эки айдоочу тең кыргызстандык болгон

© Фото / пресс-служба МВД Самарской областиРоссиянын Самара облусундагы федералдык трассада кагылышкан эки автоунаанын кесепети
Россиянын Самара облусундагы федералдык трассада кагылышкан эки автоунаанын кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
Ооруканага түшкөндөрдүн арасында Кыргызстандын жарандарынын жоктугун айтышты.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россиянын Самара облусундагы федералдык трассада кагылышкан эки автоунаанын тең айдоочулары Кыргызстандын жарандары болгон. Бул тууралуу ТИМден билдирди.
"Автокырсыктан жабыркап, ооруканага түшкөндөрдүн арасында Кыргызстандын жарандары жок", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, түндө болжол менен саат 1:30дарда Россиянын Самара облусундагы федералдык трассада Honda Stepwgn менен Hyundai Elantra кагышып, алты адам көз жумган. Алардын ичинен экөө кыргызстандыктар болгон.
Көз жумгандар 31 жаштагы эркек жана 44 жаштагы аял киши экени айтылды. Калган төртөө өзбекстандыктар. Булардын сырткары, 20-35 жаштын ортосундагы жети киши жаракат алган. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кырсыктагандарга укуктук жактан жардам көрсөтүп, көз жумгандардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча иштеп жатканы белгиленди.
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Саратовдо кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир аял каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0