"Токмок суу канал" ишканасынын жетекчи орун басары кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР"Токмок суу канал" муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары А.А.А. коррупцияга шектелип камакка алынды
Токмок суу канал муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары А.А.А. коррупцияга шектелип камакка алынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
Директордун орун басары муниципалдык менчикти сатууга шектелип жатат.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. "Токмок суу канал" муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары А.А.А. коррупцияга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, директордун орун басары ишкананын балансында турган чоң көлөмдөгү суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурган.
"26-июнь күнү муниципалдык менчикти сатуу фактысын жашыруу үчүн А.А.А. өзүнүн жетекчиси О.С.Кга 60 миң сом пара берип жатканда кармалды. Мындан тышкары, анын автоунаасынан түтүктөрдү сатуудан түшкөн 135 миң сом табылган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда мамлекеттик мүлктү уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Коррупциялык схема түзүп, өлкөдөн чыгып бараткан чиновниктер кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Коррупциялык схема түзүп, өлкөдөн чыгып бараткан чиновниктер кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0