Таң эрте тилек айтып, ниет кылып... Бишкектеги Курман айт намазынын видеосу

Жазылуу
Борбор калаадагы Эски аянтта Курман айттагы намаз окулду. Ага он миңдеген кишилер келди. Sputnik тарткан видеодон кандай болгонун көрүңүз.
Курман айт намазы салтка айлангандай эле Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулду. Алгач дин аалымдары баян айтты.
Намазга шаардын тургундарынан сырткары бийлик башчылары да барды. Тизилгендердин сап башынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди, Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровду жана ЖК депутаттарын көрүүгө болот.
Тема боюнча:
Өлкөбүздө бакубатчылык болсун. С.Жапаров элди Курман айт менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0