Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Баястанова: Кыргызстанда эки окумуштуулук даража берилет

© Sputnik / Асель СыдыковаЖогорку аттестациялык комиссиянын коомдук-гуманитардык илимдердин аттестациялык бөлүмүнүн башчысы Токтобүбү Баястанова
Жогорку аттестациялык комиссиянын коомдук-гуманитардык илимдердин аттестациялык бөлүмүнүн башчысы Токтобүбү Баястанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Жазылуу
Жогорку аттестациялык комиссиянын коомдук-гуманитардык илимдердин аттестациялык бөлүмүнүн башчысы Токтобүбү Баястанова илимий даражалар тууралуу маалымат берди.
Кыргызстанда илимдин доктору жана кандидаттыгы — эки окумуштуулук даража берилет. Бул тууралуу Токтобүбү Баястанова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Баястанова: Кыргызстанда эки окумуштуулук даража берилет
Анын айтымында, бул окумуштуулук даражалар болон системасында каралган эмес.
"Өлкөдө илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражалары берилет. Кандидаттык иш жаза турган болсо, изденүүчү аспирантурага, докторлук үчүн докторантурага тапшырат. Болбосо илим изилдөө мекемелерине (ЖОЖ жана башка) барып тема, илимий жетекчи алат. Андан кийин кандидаттар үч, докторлукка талапкерлер беш жыл ичинде изилдөөсүн жыйынтыкташы керек. Изилдөөсүн эрте бүтүп, илимий иши даяр болсо деле диссертациялык кеңешке талап кылынган убакыттан кийин алып баруу шарт. Диссертацияны коргоонун негизги талаптарынын бири — илимий макалаларды жарыялоо. Анткени эмне жөнүндө изилдөө жүргүзүп жатканын коомчулукка жеткирип туруусу зарыл. Макала жарыялоо боюнча өзүнчө талаптар коюлган. Медицина, ветеринария жана юридика тармагы боюнча диссертация жаза тургандар ошол багытта базалык билими болушу шарт. Калган адистиктер өзүнүн кесибинен башка багытта тандап изилдөө жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берилет. Болгону диссертациялык кеңешке кошумча изилдеген илими боюнча базалык экзамен берүүгө туура келет", ؙ— деди Баястанова.
Ошондой эле ал четтен илим жактап келгендер өлкөдө настрификациядан өтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0