Россия КРСУнун студенттерине жатакана берүү үчүн 35 млн. рубль бөлөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБишкектеги Кыргыз-Россия славян университети. Архив
Бишкектеги Кыргыз-Россия славян университети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Жазылуу
Жатаканадан социалдык жана каржылык абалы оор студенттер орун алышат.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргыз-Россия славян университети мындан ары студенттер үчүн жатакана бере турганын окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
"Быйыл мурунку жылдардан айырмаланып башка аймактардан келген студенттерге жатакана беребиз. Университетибизде дайыма болуп келген кемчиликти жоюп жатабыз. Быйылкы жылдан баштап Россиянын өнүктүрүү программасынын алкагында бизге каражат бөлүнүүдө", — деди окуу жайдын ректору Герман Лоцев.
Жатакана социалдык жана материалдык абалы оор студенттерге, ошондой эле аймактардан келгендерге берилет. Алардын арасында кыргызстандыктар гана эмес, чет өлкөлүк жарандар да болушу мүмкүн.
Бул максатта Россия КРСУга 35 миллион рубль бөлүүдө.
ОшМУда Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2023
ОшМУда Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0