Россияга ысырыктоочу чөп алып киргендерге кылмыш жоопкерчилиги каралган

CC BY-SA 3.0 / Yuriy75. / Peganum harmalaЫсырык чөбү. Архивдик сүрөт
Ысырык чөбү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Жазылуу
Борбор азиялыктар ысырыкты ырым-жырымда түтөтүшөт.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Россияга бараткандар бир катар өсүмдүктөрдү алып кирүүдө этияттагыла деген маанилүү билдирүү таратты.
Аба майдандын маалымат кызматы курамында ысырык (гармала) бар чөптөр Россиянын мыйзамы боюнча баңгизат катары эсептелгендиктен аны аталган өлкөгө алып кирүүгө болбостугун кулак кагыш кылды.
Бул чөп Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө абдан популярдуу. Аны адатта ырым-жырымда түтөтүшөт.
Ысырык чөптү Россиянын аймагына алып киргендер РФтин Кылмыш-жаза кодекси боюнча жоопкерчиликке тартыларын белгилешти.
Москва шаарындагы курьер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Россия мигранттардын каттоого турушун жөнөкөйлөштүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0