Швеция: Куран китеп өрттөлүп, нааразылык билдиргендерди полиция кармап кетти

© AFP / JONATHAN NACKSTRANDШвециянын борбору Стокгольмдогу мечитте эркек киши Куран китепти тытып, андан кийин өрттөп жиберди
Швециянын борбору Стокгольмдогу мечитте эркек киши Куран китепти тытып, андан кийин өрттөп жиберди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Жазылуу
Курман айтта жасалган бул жорукка эки жүздөй киши күбө болгон.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Швециянын борбору Стокгольмдогу мечитте эркек киши Куран китепти тытып, андан кийин өрттөп жиберди. Бул тууралуу РИА Новости Reuters агенттигинен алып жазды.
Курман айтта жасалган бул жорукка эки жүздөй киши күбө болгон. Нааразы болгондор "Кудай улук" деп кыйкырып, таш ыргытууга аракет кылганда полиция кармап кеткен. Анткени акцияны өткөрүүгө полиция өзү уруксат берген.
ЖМКлардын жазышынча, Куранды өрттөгөн 37 жаштагы киши Ирактан келген.
Түркиянын ТИМ башчысы Хакан Фидан Курандын өрттөлүшүн кескин сынга алды.
"Мен Швецияда ыйык китебибизге — ыйык Куранга карата жасалган жорукту айыптайм. Сөз эркиндигин шылтоолоп исламга каршы аракеттерге жол берилбеши керек", — деген ал.
Ошондой эле министр "мындай ыплас иштерге көз жуумп коюу кылмышка кошо аралашууну билдирет" деген.
Ал эми юстиция министри Йылмаз Тунчтун айтымында, ыйык жайларды мазактоо сөз эркиндигинин бир бөлүгү катары каралышы мүмкүн эмес, бир дагы демократиялык-укуктук мамлекетте сот аны мыйзамдаштырбайт.
Эске салсак, апрелде Стокгольмдун административдик соту полициянын Швециянын борборунда Ирак менен Түркия элчиликтеринин жанында Куран өрттөлүүчү акцияларды өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тартканын негизсиз деп тапкан. Кийинчерээк полиция бул чечим боюнча Апелляциялык сотко кайрылган.
Мурдараак "Франс Пресс" соттук инстанцияга шилтеме кылып, Швециянын Аппеляциялык соту Стокгольм полициясынын Куранды өрттөө акциясына тыюу салганга жеткиликтүү негизи жок болгон деген чечим чыгарганын кабарлаган.
2023-жылдын башында Стокгольмдо Куран өрттөлгөндөн кийин Түркия менен Швеция катуу араздашкан. Стокгольмдо (Швеция) 21-январда ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. ЖКМлар ал муну кылуу үчүн Швеция бийлигинен уруксат алганын жазышкан. Палудан "Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү" каалаганын айткан. Ал Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын сөзүн сындап, Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн көрсөткөн. Мындан кийин Түркия лидери Стокгольм эми НАТОго кирүүдө Анкаранын колдоосун күтпөй эле коюшун жар салган.
Нантердеги тополоңдон кийин өрт өчүргүч күйүп жаткан унааны өчүү учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Түндө Париждин четинде уландын өлүмүнөн кийин башаламандык чыкты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0