30-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүСууга түшкөн чымчык. Архивдик сүрөт
Сууга түшкөн чымчык. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
30-июнда түнкүсүн өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жумада күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Таласта +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22…+27 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +28…+30, Ош калаасында +33…+35, Чолпон-Атада +23…+25 градус ысыйт.
Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Кыргызстанда 1-июлга чейин аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0