Окумуштуулар адамзатты эмне кыйратып жок кыларын айтышты

© AP Photo / Martin MeissnerМеталл баш жасалма интеллекти билдирет. Архив
Металл баш жасалма интеллекти билдирет. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Аталган маселени иликтеген 350 киши пандемия же өзөктүк согушка тете кооптуулук тууралуу эскертип жатышат.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жасалма интеллектинин (ЖИ) өнүгүшү жакынкы арада адамзаттын жок болуп кетишин шартташы мүмкүн. Мындай бүтүмгө көптөгөн окумуштуулар менен инженерлер келип жатышат, алардын пикирин The Week жарыялаганын "Россияская газета" жазды.
Макалада аталган маселени иликтеген 350 киши пандемия же өзөктүк согушка тете кооптуулук тууралуу эскертип жатканы айтылат.
"Жасалма интеллектинин атасы" атыккан британиялык окумуштуу Жеффри Хинтон ЖИ социалдык апаатка кептеп, керек болсо адамзатты кыйратып жок кыларын белгилеген. Анын айтымында, бул илимий фантастика эмес.
Америкалык бизнесмен Илон Маск жасалма интеллектинин кооптуулугу тууралуу көп жылдан бери коңгуроо кагып келет, ал эми быйыл апрелде миллиардер ЖИ цивилизацияны жок кыларын айтты. 2030-жылга жасалма интеллект адамдан акылдуу болот.
Ошол эле маалда ЖИ бардык эле адамды жок кыла албасы, анткени киши баласы ааламдын "кызыктуу" бөлүгү экени белгиленген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Жапаров: популярдуу маркетплейс байпак сатып алышым керектигин эскертип турат
Жаңылыктар түрмөгү
0