Депутаттардын каникулу Акылбек Жапаровдун сый тамагы менен башталмай болду

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын сессиянын жыйынтыкталган урматына "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына кечки тамакка чакырды. Бул тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине эл өкүлдөрү тастыкташты.
Бүгүн парламент соңку иш күнүн жыйынтыктады. Депутаттар эртеңден тарта каникулга тарап, сентябрда ишке чыгышат. Ага чейин өлкөдө олуттуу маселе жаралып калса кезексиз жыйынга чогулушат.
Депутаттарды чайга чакыруу салтка айланып баратат. Былтыр парламентарийлер "Дасмияга", 2021-жылы Rixos Hall тойканасына барышкан.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы каникулга тарады
Жаңылыктар түрмөгү
0