Бишкек менен Ошто Омскинин университеттерине кабыл алуу башталды

© Фото / сайт Омского ГАУП.А. Столыпин атындагы Омск мамлекеттик агрардык университети. Архивдик сүрөт
П.А. Столыпин атындагы Омск мамлекеттик агрардык университети. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Бүтүрүүчүлөр алты окуу жайга тапшыра алат.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкек менен Ошто Омскинин университеттерине кабыл алуу башталганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эми Омск шаарындагы ЖОЖдордун көчмө кабыл алуу комиссиясы мектеп бүтүрүүчүлөрү жана алардын ата-энелери менен жолугушат.
3-июлдан 8-июлга чейин комиссия адистиктер жөнүндө маалымат берип, документтерди чогултуп, экзамендерин өткөрүп жана окуу жайлар боюнча маалымат берет.

Кайсы жактарга тапшырууга болот?

П.А. Столыпин атындагы Омск мамлекеттик агрардык университети;
Омск мамлекеттик байланыштар (транспорт) университети;
Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин Омск мамлекеттик медициналык университети;
Омск мамлекеттик педагогикалык университети;
Сибирь мамлекеттик автомобиль жана жол университети;
Омск мамлекеттик техникалык университети;
Сибирь бизнес жана маалыматтык технологиялар институту.
Омск шаарынын жогорку окуу жайларына кабыл алууга байланышкан бардык суроолор боюнча консул Нурсултан Исабек уулуна +79136341799 телефон номери жана Telegram каналы аркылуу кайрылууга болот.
Томск шаарындагы инсталляция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Томск шаарынын 5 университетине Бишкекте туруп тапшырса болот. Жол-жобосу
Жаңылыктар түрмөгү
0