Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

ӨКМ өкүлү: толук өчүрүлбөй калган от ири өрткө себеп болушу мүмкүн

© Sputnik / Асел АкматӨКМдин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын офицери, майор Замирбек Кокоев
ӨКМдин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын офицери, майор Замирбек Кокоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
ӨКМдин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын офицери, майор Замирбек Кокоев эс алуучуларды жаратылышка жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырды.
Жаратылышта толук өчүрүлбөй калган от ири өрттүн келип чыгуусуна себеп болушу мүмкүн экенин Замирбек Кокоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
ӨКМ өкүлү: толук өчүрүлбөй калган от ири өрткө себеп болушу мүмкүн
Анын айтымында, ар бир кишинин жаратылышка жоопкерчилик менен мамиле жасоосу өтө маанилүү.
"Табиятка чыгып эс алгандар жаккан отун сөзсүз өчүрүп кетиши керек. Эгер ал толук өчпөй калса, ошол токой же корукта өрт чыгышы мүмкүн. Бул жерде ар бир кишинин жаратылышка жоопкерчилик менен мамиле жасоосу өтө маанилүү. Ошондой эле толук өчпөй калган тамеки да өрттүн пайда болушуна негиз түзөт. Күн катуу ысып жаткандыгына байланыштуу оттун кичинекей эле бөлүкчөсү ири өрттөрдү жаратышы мүмкүн. Мындан сырткары, жай мезгилиндеги өрттүн чыгуусуна балдардын шалаакылыгы да себеп болот. Каникул учурунда мектеп окуучуларынын көбү айылдарга кетип, чөп өрттөө сыяктуу иштерди алар оюн катары көрүшөт. Өрт чыккан учурда убакытты кетирбей дароо 112 номерина чалуу керек. Айрымдар өзүбүз эле өчүрүп коебуз деп кичинекей өрттү ири өрткө айландырып жиберишет", — деди Кокоев.
Ал ошондой эле эгер түтүн чыгып жаткан имаратта адамдардын бар экени байкалса дароо Тез жардам кызматына чалуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0