Кыргызстан Сауд фондунан үй салууга 100 млн. доллар кредит алат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБатирлердин ачкычтары. Архив
Батирлердин ачкычтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Ипотека "Менин үйүм - 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына берилет.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Сауд фонду тарабынан Кыргызстанга 100 миллион доллардын бөлүнүшү боюнча макулдашууну үчүнчү окууда ратификациялады.
Каражат 25 жылга берилүүдө, анын беш жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп 1,5 пайыздык үстөк төлөнөт. Долбоорду Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырмакчы.
100 миллион долларга Кыргызстан 174,5 миң чарчы метр турак жай, башкача айтканда, 40-85 чарчы метрлик үч миң батир курууну пландап жатат. Үйлөр аз жана орточо киреше көргөн бүлөлөргө каралган.
Ипотека "Менин үйүм - 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына алгач ижарага алып, кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган шарт менен берилет. Долбоор 2028-жылдын соңунда аяктай турганы айтылды.
Үй-бүлө жаңы үйдүн квартирасын карап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Мамлекеттин "Социалдык ипотека" программасы иштеп жатат. Кайда кайрылса болот
Жаңылыктар түрмөгү
0