Жапаров суучулдарга Ысык-Көлдү тазалоого жардам берди. Видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРаботы по очистке озера Иссык-Куль
Работы по очистке озера Иссык-Куль  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Өлкө башчы көлдөгү окуяны көргөндө жүрөгү канап жатканын айтты.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөн браконьерлердин торлорун жана суу түбүндөгү таштандыларды тазалоого катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Аны өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев коштоп жүрдү.
Жапаровдун тапшырмасы менен март айынан бери көлдөн 100 чакырымга жакын браконьерлик торлор жана 6,8 тоннага жакын таштанды чыгарылган. Мындай көлөм төрт айга жетпеген убакытта Жети-Өгүз районунан Чолпон-Ата шаарына чейинки акваторияда гана жыйналды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөн браконьерлердин торлорун жана суу түбүндөгү таштандыларды тазалоого катышты
Жапаров суучулдарга Ысык-Көлдү тазалоого жардам берди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөн браконьерлердин торлорун жана суу түбүндөгү таштандыларды тазалоого катышты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАны өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев коштоп жүрдү
Жапаров суучулдарга Ысык-Көлдү тазалоого жардам берди - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аны өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев коштоп жүрдү
1/2
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөн браконьерлердин торлорун жана суу түбүндөгү таштандыларды тазалоого катышты
2/2
Аны өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев коштоп жүрдү
Бүгүнкү күндө көлдү тазалоо иштери батыш багытында жүргүзүлүп, андан соң түштүк жээкте уланып, октябрь айына чейин бүткөрүлөт.
Президенттин катышуусунда гана үч саатта көлдөн 500 метрден ашык эски жана жаңы торлор алынган. Алар кайра иштетүүгө жиберилет.
“Суучулдар көп күч жумшап, тазалап койгон жерлерден кайрадан торлорду таап жатканы өкүнүчтүү. Эмне үчүн өздөрүнүн туулуп өскөн көлүнө кайдыгер мамиле кылышат?”, — деди Жапаров.
Ал Кыргызстан элин жаратылышты аяп, айлана-чөйрөнү, көлдөрдү, дарыяларды келечек муун үчүн сактап калууга чакырды.
Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Эмне деген акмакчылык! Жапаров Ысык-Көлдүн таштандыга толгонуна ачууланды
Жаңылыктар түрмөгү
0