1-июлга карата аба ырайы

© AFP / DAVID GANNONЖамгырда кол чатыр кармаган адам
Жамгырда кол чатыр кармаган адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Жазылуу
1-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ишембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарында +22...+27 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +33...+35, Чолпон-Атада +21...+23 жана Ош шаарында +34...+36 градусту көрсөтөт.
Автогаз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Кыргызстанда автоунаа газы кымбаттайт. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0