Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Азизбаев: Дене тарбия академиясы 20 миңден ашык адис даярдады

© Sputnik / Асылбек БактыбековРектор Кыргызской государственной академии физической культуры и спорта, кандидат исторических наук, доцент Саитдин Азизбаев
Ректор Кыргызской государственной академии физической культуры и спорта, кандидат исторических наук, доцент Саитдин Азизбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Жазылуу
Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Саитдин Азизбаев спорт адистигине ээ болууну каалаган абитуриенттер көбөйгөнүн айтты.
Дене тарбия жана спорт академиясы 1955-жылы түптөлүп, 68 жыл ичинде 20 миңден ашык адисти даярдады. Бул тууралуу Саитдин Азизбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Азизбаев: Дене тарбия академиясы 20 миңден ашык адис даярдады
Анын айтымында, кыргыз спортунда эл аралык ири жетишкендиктерге жеткен спортчу, машыктыруучу, педагогдор Дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.
"Дене тарбия жана спорт академиясы 1955-жылы түптөлүп, 68 жылдык тарыхында жалпысынан 20 миңден ашык адисти даярдады. Бул багытта дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо предметтери боюнча мектеп мугалимдерин, спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес, улуттук түрлөрү боюнча машыктыруучуларды, педагогдорду даярдап, өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошту. Бул окуу жайда Олимпиаданын, дүйнөнүн чемпиондору билим алышкан. Туура коюлган окутуу методикаларынын натыйжасында машыктыруучулар жакшы көрсөткүчтөргө жете баштады. Акыркы учурдагы ийгиликтерди эске алып, Дене тарбия академиясына тапшырууну каалаган абитуриенттер көбөйүүдө", — деди Азизбаев.
Ошондой эле адис Дене тарбия жана спорт академиясына тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөө талап кылынбай тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0