Жунай Мавлянов — өмүр баяны

© Фото / предоставлено Кларисой МавляновойЖунай Мавлянов
Жунай Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Жазылуу
Жунай Мавлянов 1923-жылы Жалал-Абад облусунун азыркы Аксы районундагы Кош-Дөбө айылында туулган.
Ал Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, мугалимдер институтун, КМУну аяктаган. 1942-44-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.
Калемгер чыгармачылыгын 1948-жылы ыр жазуудан баштаган. 1960-жылы "Жүрөк" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. "Аркыт гүлдөрү", "Мөлтүр булак" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактарында туулган жер, сүйүү, эмгек, достук темасын даңазалаган. Кийин биротоло кара сөз жазууга өтүп, "Күтүү", "Менин күндөлүгүм", "Чагылган", "Нан", "Турмуш", "Эне", "Мен жана айылдаштарым" сыяктуу аңгеме, повесттери, "Ачык асман", "Бийиктик", "Кайрымсыз жылдар" романдары жарык көргөн. Анын "Ачык асман", "Бийиктик", "Жаңы таң" романдары жана башка аңгеме, повесттери украин, беларус, татар, башкыр, якут, француз, немец, англис, чех тилдерине которулган.
"Жалгыз бутактуу арча" повести боюнча телефильм (режиссёру – Д. Садырбаев) тартылган.
Ошондой эле ал 1971-88-жылдар аралыгында "Мугалимдер газетасынын" башкы редактору болуп да иштеген.
Жазуучу 2003-жылы 25-ноябрда жол кырсыгынан каза тапкан.
Жунай Мавляновго СССРдин эл агартуу отличниги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген наамдар берилген. Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, Кыргыз Республикасынын II даражадагы Манас ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Аксы районунун Кербен шаарындагы лицей-интернатка ысымы ыйгарылган. 2008-жылы Бишкекте жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.
Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Ысмайыл Кадыров — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0