Кыргызстанда 10 миң кишиге 19 дарыгер туура келет. Статистика

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Жазылуу
Терапевт, хирург, стоматолог кыргызстандык дарыгерлердин арасында кеңири тараган адистиктер болуп саналат.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип келет. Буга байланыштуу Улуттук статистика комитети кыргызстандык медицина кызматкерлери тууралуу 2022-жылга карата түзүлгөн кызыктуу фактылар менен бөлүштү.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы 13 488 дарыгер жана 34 396 медайым калкка медициналык жардам көрсөткөн. Бул республиканын 10 миң калкына 19 дарыгер жана 49 медайым туура келет дегенди билдирет.
2022-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган адистиктер төмөнкүлөр экени аныкталды:
терапевт — 4000 адис;
хирург — 2100 адис;
стоматолог — 1100 адис;
акушер-гинеколог — 1000 адис;
педиатрия профилиндеги дарыгерлер — 900дөн ашык адам.
Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун Электрофизиологиялык изилдөөлөр лабораториясынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, хирург-аритмолог Курбанбек Калысов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Радио
Кыргызстандык аритмолог Орто Азияда жасала элек операция жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0