Франция: каршылык акциясына чыккандар мэрдин автоунаасына өрт коюшкан

© AP Photo / Jean-Francois BadiasФранция полициясы башаламандык убакытта
Франция полициясы башаламандык убакытта - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik.Түндөгү башаламандык учурунда Франциянын Ла-Риш шаарынын мэри Филип Позушанын автоунаасын өрттөө аракети болгон. Бул тууралуу Nouvelle Republique басылмасына калаа башчысы билдирген.

"Ушул түнү башаламандыктын катышуучулары мэр Ла-Риштин автоунаасын өрттөөгө аракет жасашты. Укук коргоо органдарынын ыкчам кийлигишүүсүнөн улам мыйзамсыздыкка жол берилген жок", - деп айтылат маалыматта.

Мэр билдиргендей, топ адам анын багына кирип транспорттук каражатына өрт койгон. Ал аларды кубалап чыгып, өрттү өчүргөн. Ошондой эле бул боюнча укук коргоо органдарына арыз жазарын билдирген.
Эске салсак, башаламандык өткөн шейшембиде Франциянын Нанте шаарында жана Париждин чет жакасында полиция 17 жаштагы уланды өлтүрүп алгандан кийин башталган.
ЖМКлар жазгандай, улан жолдогу текшерүү маалында укук коргоочуларга каршылык көрсөткөндө атып өлтүрүлгөн. Социалдык тармактарда дароо нааразылыктар башталган. Ал эми кечинде топтолгондор өрт коюп, жарнама тактайчалары менен аялдамаларды талкалап, полиция менен кагышкан. Бир катар шаарларга полициянын атайын күчтөрү жайгаштырылып, сооттолгон техника жана тик учактар тартылган.
Марселде демонстранттар менен полиция кагылышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Францияда башаламандык учурунда 1000дей адам кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0