Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кырбашева: климаттын өзгөрүшүн эске алып, күн электр станцияларын куруу керек

© Sputnik / Асел АкматЖашыл электростанциялар ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева
Жашыл электростанциялар ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Жазылуу
Жашыл электростанциялар ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева альтернативдүү булактардан энергия өндүрүүдө Россиянын тажрыйбасын колдонуп, кызматташуу туура экендигин айтты.
Климаттын өзгөрүшүн эске алып, күн электр станцияларын көбүрөөк куруу керек. Себеби Кыргызстан электр энергиясынын дээрлик баарын суудан алып келет. Эгерде көйгөй жаралса, альтернативдүү булактарды колдонууга туура келет. Бул тууралуу Кундус Кырбашева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кырбашева: климаттын өзгөрүшүн эске алып, күн электр станцияларын куруу керек
Анын айтымында, учурда россиялык компания Ысык-Көлдө кубаттуулугу 300 МВтка чукул күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу ниетин билдирди.
"Климаттын өзгөрүшүн эске алып, күн электр станцияларын көбүрөөк куруу керек. Себеби Кыргызстан электр энергиясынын дээрлик баарын суудан алып келет. Эгерде көйгөй жаралса, альтернативдүү булактарды колдонууга туура келет. Биз бул багытта эл аралык тажрыйбаны эске алып жатабыз. Мисалы, станцияларды курууда россиялык компаниялар менен тыгыз иштешип, тажрыйба алып жатабыз. Белгилүү болгондой, учурда россиялык компания Ысык-Көлдө кубаттуулугу 300 мегаваттка чукул күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу ниетин билдирди. Эгерде бул ири долбоор ишке ашып станция курулуп калса, кыргызстандык ишкерлер үчүн жол ачылып, анын келечеги да так көрүнмөк. Албетте, энергетикалык коопсуздук үчүн да орду эбегейсиз болот", — деди Кырбашева.
Ошондой эле адис Кыргызстандын энергетикадагы потенциалын көрсөтүп ири инвесторлор менен иштешүүгө убакыт келгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0