Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Психолог: эмоциясын көзөмөлдөй албагандар менен эч ким иштешкиси келбейт

© Sputnik / Асел АкматПсихолог Сейил Калдыбаева
Психолог Сейил Калдыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Жазылуу
Психолог Сейил Калдыбаева эмоциясын башкара албаган адамдар менен көпчүлүк иштешкиси келбей турганын белгиледи.
Кыйын кесипкөй болуп туруп, бирок эмоциясын көзөмөлдөй албаса, ал адамдын туруктуу бир жумушта иштөөсү кыйыныраак боло турганын Сейил Калдыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Психолог: эмоциясын көзөмөлдөй албагандар менен эч ким иштешкиси келбейт
Анын айтымында, жетекчилик көп учурда көйгөйлүү кызматкерлерди каалабайт.
"Абдан кыйын адис болуп туруп, бирок эмоциясын көзөмөлдөй албаса, ал киши менен көпчүлүк иштешкиси келбейт. Мурда IQ маанилүү болсо азыр андан да эмоционалдык интеллект маанилүү болуп калды. Абдан кыйын, таланттуу, өз ишин мыкты билгени менен бат ачууланып, кесиптештери менен иштей албаса, команда менен иштөөнү билбесе жетекчиликке жакпайт. Себеби ал деле көйгөйлүү адамдын ордуна тынчыраак жүргөн киши менен иштегиси келет. Ошол үчүн эмоцияны башкарганды үйрөнүү абдан маанилүү. Болбосо сиздин маанайыңызды башка адамдар пульт менен көзөмөлдөгөндөй башкарып коюшу мүмкүн, — деди психолог.
Ал ошондой эле стресс жаман деген түшүнүк жаңылыштык экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0