Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленскийдин Путинге койгон жаңы талабына кытайлыктар жооп кайтарды

© AFP / DIMITAR DILKOFFУкраинанын президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Жазылуу
Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, Кремль кырдаалдын тынчтык жолу менен чечилерине көзү жетпей калган.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кытайлык "Гуаньча" порталынын окурмандары Украинанын президенти Владимир Зеленскийди катуу сынга алганын РИА Новости жазды.
Буга Зеленскийдин "1991-жылы өлкөнүн курамына кирген аймактарды бизге кайтарып бергенде гана Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө барабыз" деп айтканы себеп болду.
Окурмандардын бири "Крымды Украинага Хрущев белек кылган. Башында ал Россияга таандык болчу" деп жазды.
Ал эми экинчи колдонуучу "АКШдан дагы буйрутма алдыңызбы?" деп суроо салды.
Комментарий жазгандардын арасында "Бул киши Украинанын баш оорусу", "Болбой турган нерсени жарнамалоонун эмне кереги бар?" деген пикирин калтыргандар дагы болду.
Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, Кремлдин кырдаалдын тынчтык жолу менен чечилерине көзү жетпей калган. Учурда атайын операциянын максатына жетүү негизги план катары каралууда. Тилекке каршы, учурда бул нерсенин баары аскердик жол менен гана мүмкүн болуп жатат.
АКШ президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын абройлуу басылмасы Жо Байденди сынга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0