Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктоочу жаңы аппарат иштей баштады

© Фото / Пресс-служба ГУОБДДЧолпон-Ата шаарында жол эрежелери бузгулганын аныктоочу "Автоураган" стационардык программалык-аппараттык комплекси иштеп жатат.
Чолпон-Ата шаарында жол эрежелери бузгулганын аныктоочу Автоураган стационардык программалык-аппараттык комплекси иштеп жатат.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Жазылуу
Максаты — туристтик сезондо жол кырсыктарын алдын алуу жана коопсуздукту жогорулатуу.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында жол эрежелери бузгулганын аныктоочу "Автоураган" стационардык программалык-аппараттык комплекси иштеп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Максаты — туристтик сезондо жол кырсыктарын алдын алуу жана коопсуздукту жогорулатуу.
Кечээ түшкө чейин бул аппараттык комплекстин жардамы менен жол инспекторлору ар кандай эрежелерди бузган беш унааны аныктап, айып пул төлөөчү жайга коюшкан.
Аппарат төмөнкүдөй бузулган эрежелерди аныктайт:
издөөдө жүргөн унааларды;
айыптарды өз убагында төлөбөй жүргөндөрдү;
каттоосу токтотулган унааларды;
ылдамдыкты жогорулатуу жана башка эреже бузуу.
Кошумчалай кетсек, ушундай эле аппарат 25-июндан тарта Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда ишке киргизилген.
Жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Суусамырда жылкыларга жарыкты чагылдыруучу тасма тагылып жатат. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0