Өкмөт Бишкектеги суу тартыштыгын 2-3 жылда чечүү үчүн каражат бөлүүгө даяр

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРӨкмөт Бишкектеги суу тартыштыгын 2-3 жылда чечүү үчүн каражат бөлүүгө даяр
Өкмөт Бишкектеги суу тартыштыгын 2-3 жылда чечүү үчүн каражат бөлүүгө даяр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
Жапаров суу эсептегичтерин орнотууну тапшырып, тарифтерди дифференциялоо керектигин айтты.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Министрлер кабинети Бишкек менен Чүйдөгү суу тартыштыгын чечүү үчүн каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал Бишкектеги "Орто-Алыш" жана Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Баш-Кара-Суу" суу кампасындагы иш менен таанышты.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Министрлер кабинети Бишкек менен Чүйдөгү суу тартыштыгын чечүү үчүн каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинети Бишкек менен Чүйдөгү суу тартыштыгын чечүү үчүн каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди. - Sputnik Кыргызстан
1/4

Министрлер кабинети Бишкек менен Чүйдөгү суу тартыштыгын чечүү үчүн каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди.

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Ал Бишкектеги "Орто-Алыш" жана Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Баш-Кара-Суу" суу кампасындагы иш менен таанышты

Ал Бишкектеги "Орто-Алыш" жана Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Баш-Кара-Суу" суу кампасындагы иш менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
2/4

Ал Бишкектеги "Орто-Алыш" жана Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Баш-Кара-Суу" суу кампасындагы иш менен таанышты

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Ага суунун аз агып киришинен улам жогорудагы суу топтоочу жайлардагы скважиналар толтурулбай, борбор калаанын бир катар калктуу конуштарына суу толук берилбей жатканы боюнча маалымат берилди

Ага суунун аз агып киришинен улам жогорудагы суу топтоочу жайлардагы скважиналар толтурулбай, борбор калаанын бир катар калктуу конуштарына суу толук берилбей жатканы боюнча маалымат берилди - Sputnik Кыргызстан
3/4

Ага суунун аз агып киришинен улам жогорудагы суу топтоочу жайлардагы скважиналар толтурулбай, борбор калаанын бир катар калктуу конуштарына суу толук берилбей жатканы боюнча маалымат берилди

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Министрлер кабинетинин төрагасы бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керектигин белгиледи

Министрлер кабинетинин төрагасы бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керектигин белгиледи - Sputnik Кыргызстан
4/4

Министрлер кабинетинин төрагасы бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керектигин белгиледи

1/4

Министрлер кабинети Бишкек менен Чүйдөгү суу тартыштыгын чечүү үчүн каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди.

2/4

Ал Бишкектеги "Орто-Алыш" жана Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Баш-Кара-Суу" суу кампасындагы иш менен таанышты

3/4

Ага суунун аз агып киришинен улам жогорудагы суу топтоочу жайлардагы скважиналар толтурулбай, борбор калаанын бир катар калктуу конуштарына суу толук берилбей жатканы боюнча маалымат берилди

4/4

Министрлер кабинетинин төрагасы бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керектигин белгиледи

Ага суунун аз агып киришинен улам жогорудагы суу топтоочу жайлардагы скважиналар толтурулбай, борбор калаанын бир катар калктуу конуштарына суу толук берилбей жатканы боюнча маалымат берилди.
Министрлер кабинетинин төрагасы бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керектигин белгиледи.
"Келерки жылы дагы абал ушундай боло турган болсо, жыл сайын суунун келишин күтүү убаракерчилик. Суу – адамдын табигый муктаждыгы. Аба ырайынын шарттарынан көз каранды болбой турган туруктуу каскад форматындагы резервуар болушу керек. Кошумча скважиналарды жана суткалык бассейндерди каржылоого даярбыз, эсептөөлөрдү бериңиздер. Элди суусуз калтырган болбойт", – деди Акылбек Жапаров.
Ал ошондой эле ичүүчү сууну сугат суу катары пайдалангандарга айып салууну карап чыгууну тапшырды.
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын бир жашоочусу үчүн сууну пайдалануу өлчөмү суткасына 170 литр деп эсептелгени менен иш жүзүндө 1000 литрден ашып кетип жатканын белгиледи.
Жапаров суу эсептегичтерин орнотууну тапшырып, тарифтерди дифференциялоо керектигин айтты.
Ал ошондой эле бардык ээси жок скважиналарды реконструкциялоо үчүн мамлекеттин балансына өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, Жапаров бир жумалык мөөнөттө суу сактагыч курула турган жерди аныктоо үчүн инженердик эсептөөлөрдү берүүнү, ошондой эле гидрогеологиялык карталарды санариптештирүү үчүн зарыл болгон эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.
"Бир жуманын ичинде мага бардык скважиналардын облустар менен райондордун контекстиндеги картасын бергиле. Аларды санариптештирүү жана президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборуна туташтыруу керек", – деди ал.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок жана Селекция айылдарынын тургундары менен жолукту.
"Маселе менен жеринде таанышуу үчүн атайын келдим, чечүү жолдору бар, биз бул багытта иш баштадык. Бизге убакыт бергиле. 2-3 жылдын ичинде борборду дагы, Чүй облусун дагы толук суу менен камсыз кылабыз", – деп убада берди Жапаров.
Ал Бишкек шаардык мэриясына бир жуманын ичинде көрсөтүлгөн айылдарды график боюнча таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырды.
Талаадагы дыйкан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Өлкөдө сугат суу көйгөйү курч, күздө түшүм эмне болот? Талдоо
Жаңылыктар түрмөгү
0