Кыдыр аке — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКыдыр акенин айкели. Архив
Кыдыр акенин айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
Кыдыр аке Байсары уулу 1843-жылы Ысык-Көлдүн азыркы Ак-Суу районунун Сары-Жаз өрөөнүндөгү Кайыңдынын Байыш жайлоосунда туулган.
Кыдыр аке бугу уруусунун арык уругунан чыккан бий, болуш, ошондой эле элчи, саяпкер, комузчу, олуя катары таанымал болгон.
Чоң атасы Олжобай бий дагы калмак менен кыргыздардын ортосунда элчилик милдетти аткарган. Кыдыр Байсары уулу 1861-жылы 18 жашында болуштукка шайланган. Ошол күндөн тарта элге алына баштайт. "Калыстыктан кайтпаган, жакынына тартпаган, жардыга доомат артпаган, карапайым калктын таламын талашкан, Кызыр алейсаламдан бата алган, астыны көрө билген олуя" деген кеп айтылып, зоболосу арта берет.
Кыдыр аке Романовдор династиясынын 300 жылдык салтанаттуу мааракесине Каракол уездинен ардактуу делегат катары чакырылган. Эки элдин ортосундагы байланышты бекемдөөдөгү аракети үчүн ага күмүш медаль жана подполковник чини ыйгарылган.
1916-жылдагы Үркүндө Ысык-Көл өрөөнүнүн бардык айылдары Кытайга качат. Кыдыр аке Россия империясына өзүнүн кадырын салып Кереге-Таш, Сары-Камыш, Кайырма-Арык жана башка коңшу айылдарды орустардын куугунтугунан аман сактап калган.
Даанышман көсөм, айтылуу жети акенин эң кичүүсү, касиеттүү олуя 1926-жылы 83 жашында Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында дүйнө салган.
1993-жылы 150 жылдыгы белгиленип, Кереге-Таш айылынын четине бийиктиги 16 метрлик күмбөз тургузулуп, музейи ачылган.
Быйыл Кыдыр акенин 180 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатат.
Комузда ойноп жаткан карыя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Токтогул ырчы — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0