Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы мыктыларды 8-июлда жарыялайт

© Sputnik / Асел АкматКинорежиссер, продюсер, "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири Таалайбек Кулмендеев
Кинорежиссер, продюсер, Ак илбирс улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири Таалайбек Кулмендеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
Кинорежиссер, продюсер, "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири Таалайбек Кулмендеев сыйлык быйыл 18 номинация боюнча тапшырыла турганын айтты.
8-июлда Бишкекте "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы мыктыларды 8-июлда жарыялайт
Анын айтымында, аталган киносыйлыктын максаты — кино ааламындагы жылдын мыктыларын аныктоо.
"Быйыл буга чейинки иш-чаралардан айырмаланып 8-июлда 2021-2022-жылы тартылган кинолор ат салышат. Пандемия бул киносыйлыкка да таасирин тийгизип, соңку жылдары өз учурунда өткөрө албай калдык. Быйыл кино жаратмандардын алдыңкылары 18 номинация боюнча аныкталат. Иш-чарага катышууну каалагандар 8-июль күнү Бишкектеги "Манас" кинотеатрына саат 17:00гө келсе болот. Кирүү акысыз. Мыктыларды буга чейин "Ак илбирс" сыйлыгын алгандар тандайт. Уюштуруучулар барган сайын номинациялардын санын көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Тасмада иштеген ар бир кесип бааланса деген ниетибиз бар", — деди Кулмендеев.
Ал ошондой эле аталган иш-чарага чет элдик коноктор да келерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0