Бийлик Mega мамлекеттин карамагында каларына ишендирди, бирок аукцион өтөт

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Мегаком" компаниянын имараты. Архив
Мегаком компаниянын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
Бүгүн компанияны менчиктештирүү боюнча аукцион жарыяланды. Анын баштапкы баасы 14,6 миллиард сом деп бааланууда.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. "Альфа Телеком" (Mega, мурдагы MegaCom) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Эске салсак, бүгүн мамлекеттик уюлдук операторду менчиктештирүү боюнча аукцион жарыяланып, баштапкы баасы 14,6 миллиард сом деп бааланган. Мындан улам айрым интернет колдонуучулар Садыр Жапаровдун 2016-жылы уюлдук операторду сатууга каршы чыгып жазган постун бөлүшө башташты. Жылдын башында Султанбаев "Альфа Телеком" чет элдик компанияларга берилбей турганын, операторду Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы көзөмөлдөй турганын билдирген.
"Альфа Телеком" (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Учурда компанияга аукцион жарыяланды. Ага Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо", — деди Султанбаев.
Анын айтымында, муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө.
Альфа Телеком компаниясынын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
MegaCom компаниясынын мурдагы башчысы 9-августка чейин камакка алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0