Путин: дүйнөдө геосаясий карама-каршылык курчуп баратат

© Sputnik / Александр Казаков / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин
Россия лидери Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
Президент коомчулукта коопсуздук деградациясы жүрүп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Дүйнөдө геосаясий карама-каршылык курчуп, Россияга карата гибриддик согуш жүрүүдө. Анткен менен өлкө болуп көрбөгөндөй масштабуу мыйзамсыз санкцияларга моюн бербей келет. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин президенттеринин отурумунда айтты.
Эске салсак, аталган иш-чара видеобайланыш түрүндө өтүп жатат.
"Россия сырткы басымдарга, санкцияларга, чагымдарга моюн бербей каршы турууда. Азыркы кырдаалда биздин өлкө туруктуу өнүгүүсүн улантып келет. Россия эли бирикти, Россиянын саясий чөйрөсү, бардык коомчулугу куралдуу көтөрүлүш чыгаруу аракетине бир фронт болуп каршы туруп, мекен алдындагы жоопкерчилигин көрсөттү", — деди Путин.
Президент коомчулукта коопсуздук деградациясы жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, өнүккөн мамлекеттерде карыздардын көзөмөлсүз топтолушунун, социалдык катмарларга ажырым болуп бөлүнүүнүн, дүйнөдө жакырчылыктын күчөшүнүн фонунда жаңы глобалдык кризистин пайда болуу коркунучу өсүп жатат.
Ошону менен катар эле Шанхай кызматташтык уюму Бириккен Улуттар Уюмунун координациялоочу ролуна таянып, адилеттүү, көп полярдуу дүйнөлүк тартипти түзүүгө умтуларын белгиледи. Ошону менен бирге ушундай конструктивдүү негизде ШКУ иш жүргүзөрүн айтты.
"Биргелешкен иш-чаралардын негизги милдеттеринин бири — катышуучу мамлекеттерде коопсуздукту сактап туруу. Ал уюмдун тышкы чек араларынан үлгү алып, биз өз ишибизди дал ушул иш чөйрөсүнөн баштап, бул чөйрөнү бекемдейбиз", — деп белгиледи ал.
Путин Россия инвестициялык жана банктык-финансылык секторлордо, өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, айыл чарба, коммуникациялар, санариптештирүү жана жогорку технологиялар тармагында дагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жактай турганын кошумчалады.
ШКУга: Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан кирет. Төрт мамлекет байкоочу статусуна ээ. Алар: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголия.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Кыргызстан ШКУнун уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0