Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ошто өтө турган XVII таш симпозиумунда 17 эмгек ат салышат

© Sputnik / Асель СыдыковаТаш симпозиумунун уюштуруучуларынын бири, скульптор Бакыт Иманбаев
Таш симпозиумунун уюштуруучуларынын бири, скульптор Бакыт Иманбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
Таш симпозиумунун уюштуруучуларынын бири, скульптор Бакыт Иманбаев скульптура тарыхты кийинки муунга жеткирип, адамга тарбия бере турган искусствонун түрү экенин айтты.
"Тарыхтан калган элестер" аттуу таш айкелдеринин мыкты эскизин тандоо үчүн республикалык сынакка катышууну каалаган 50гө чукул скульптор билдирүү калтырды. Анын ичинен 17 эмгек тандалып, таш айкелдер жасалат. Бул тууралуу Бакыт Иманбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ошто өтө турган XVII таш симпозиумуна 17 эмгек ат салышат
Анын айтымында, Кыргызстанда мыкты таш айкелдерди жасай ала турган кесипкөй, таланттуу жаш скульпторлор жетиштүү.
"Кыргызстанда XVII таш симпозиуму өткөрүлгөнү турат. Менин билишимче, 1984-жылдан бери Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясы, Эл аралык скульпторлор коому уюштуруп келген. Ош шаарында өтө турган таш симпозиумуна жаш скульпторлорду тартуу тапшырмасы коюлду. Бул скульпторлордун бири-бири менен тажрыйба алмашуусу үчүн керек. Жаштардын тарыхка мамилеси, ошол учурдагы окуяларды көрө билиши, аны ташка чегип чагылдарышы каралат. "Тарыхтан калган элестер" аттуу таш айкелдердин мыкты эскизин тандоо үчүн республиканын жети дубаны боюнча сынак жарыяланды. Сынакта катышуучулардын ичинен 17 эмгек тандалып, Ош шаарында бир ай бою кичинекей макеттер көлөмү 1,5-2 метрлик ташка түшүрүлөт. Аталган иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Ош мэриясы уюштуруп, каржылап жатат. Андыктан жобо боюнча, таш айкелдер Ош шаарына жайгашат. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы да Ош шаарында белгиленгени турат. Таш айкелдердин бет ачары ошол күнгө туураланат", — деди Иманбаев.
Ал таш айкелдер 10-августка чейин жасалып бүтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0