Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтогул ГЭСин кантип көбүрөөк пайда бере тургандай иштетсе болот

© Sputnik / Асел АкматУлуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев Токтогул суу сактагычы ирригациялык максатта салынганын айтты.
Токтогул суу сактагычын курууда негизги максат электр энергиясын өндүрүү эмес, ирригациялык режимге иштетүүгө басым жасалган. Бул тууралуу Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Токтогул ГЭСин кантип көбүрөөк пайда бере тургандай иштетсе болот
Анын айтымында, Өзбекстан Кыргызстанга кыш мезгилинде электр энергиясын берсе, жазда аларга сугат үчүн кыргыз тарап сууну топтоп берүү алакасын түзүү зарыл.
"Токтогул суу сактагычы Борбор Азиядагы эң чоң ГЭС деп айтсак болот. Анын бир учурда 19,5 миллиард куб метр сууну кармап туруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул — эгер Кыргызстан сугат иштерине гана иштетсе үч жылга чейин жетет деген сөз. Советтер Союзу учурунда аталган суу сактагыч энергетика өндүрүү максатында эмес, ылдыйкы мамлекеттерди суу менен камсыздоо үчүн салынган. Бизден суу алган кошуна мамлекеттер башка каражаттар менен компенсациялап келишкен. Бул системанын бузулушу менен биз кышкысын электр энергиясын өндүрүү үчүн сууну агызып салып жатабыз да, жазда аларга керектелгенде жетиштүү көлөмдө топтоп бере албай калабыз. Ал эми июль, август айларында аларга суу көп керектелгенде көбүрөөк агызганга милдеттүүбүз. Негизи кирген суудан чыккан суу көп болбош керек. Мына ушул режимдерди жолго салып, Токтогул ГЭСинин суусун товар катары карап, Өзбекстан кыш мезгилинде электр энергиясы менен бөлүшсө, биз кышкысын агызып салган сууну топтоп, аларга жазда берип турсак болот. Антпесек учурда Токтогул суу сактагычы кошуналар үчүн эле иштеп жаткандай болууда. Биздин мындай сунушубузду өзбек тарап мурда анчейин түшүнчү эмес, азыр кызыга башташты", — деди Чонтоев.
Окумуштуу Токтогул суу сактагычына керектүү өлчөмдө суунун толбой жатышы электр энергиясынын көп колдонулушу менен байланыштырып, ГЭСтен суу уурдоо мүмкүн эместигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0