Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Асанжанов: туризмди өнүктүрүүдө банк секторуна абдан маани берүү зарыл

© Sputnik / Асылбек БактыбековТуризм академиясынын окуутуу иштери боюнча проректору Нарынбек Асанжанов
Туризм академиясынын окуутуу иштери боюнча проректору Нарынбек Асанжанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
Туризм академиясынын окуутуу иштери боюнча проректору Нарынбек Асанжанов өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө болгон мүдөө чоң экенин айтты.
Өлкө туризмин өнүктүрүүдө банк секторуна маани берүү зарыл. Анткени банктык тейлөөнүн жакшырышы эс алуучулардын финансылык коопсуздугуна кепилдик берет. Бул тууралуу Нарынбек Асанжанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Асанжанов: туризмди өнүктүрүүдө банк секторуна абдан маани берүү зарыл
Анын айтымында, инфраструктура жакшырмайынча туризмдин өнүгүшү абдан жай жүрөт.
"Өлкө туризмин өнүктүрүүдө банк секторуна абдан маани берүү зарыл. Анткени банктык тейлөөнүн жакшырышы эс алуучулардын финансылык коопсуздугуна кепилдик берет. Мындан тышкары, туризмде эки маанилүү жагдай бар: биринчиси — инфраструктура, экинчиси — мүдөө. Эгерде бардык шартты түзүп, бирок эңсеген оюбуз, тилегибиз, мүдөөбүз болбосо, иштин аткарылышы абдан жай болот. Акыркы мезгилде туризмдеги потенциалыбызды көрүп, жакшы аракеттер башталды. Ал эми инфраструктура жакшырмайынча туризмдин өнүгүшү кыйын", — деди Асанжанов.
Ошондой эле адис туризм улуттун, өлкөнүн тарыхы, маданияты, табияты менен байланышта болгондуктан башка мамлекеттин моделин алуу туура эместигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0